КАПАРСЫЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бейгам, бейкапар, эчтеме менен иши жок, түйшүксүз. Эч нерседен капарсыз Гүлайым шар жооп берди (Бейшеналиев). – Баталашкан куда элек,– деди Казак капарсыз отурган Адыкеге (Сыдыкбеков). Эчтекеден капарсыз жаткан кезимде ушул шумдук кабарды угуп калып, тынчым кете баштаганын үйдөгүлөр сезип калышты (Абдукаримов).